Бокс боюнча дүйнө биринчилигинин жарым финалына эки кыргызстандык чыкты

Кыргызстандык эки мушкер Ихтияр Нишонов жана Омар Ливаза тарых жаратып Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты.

IBA версиясы боюнча турнир ушул күндөрү Дубай шаарында өтүүдө.

71 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып жаткан Ихтияр Нишонов жарым финалда казакстандык спортчуга каршы беттешет.

Ал эми Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында замбиялык спортчуга каршы беттешет.

11 Декабрь 2025 жыл 15:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча