Бороондон улам ашууда калгандар куткарылды

Бороондон улам ашууда калган 5 оор жүк ташуучу унаа менен 2 автоунаа куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, айдоочулар унаалары менен Нарын облусунун Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында калып калышканы тууралуу маалымат «112» кызматына 9-мартта келип түшкөн.

Жерине куткаруучулар жана техника тартылып, 10-мартта саат 05:30да унаа жол кар күрткүдөн толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz (1 спринтер, 1 сапог) үлгүсүндөгү унаалар чыгарылып, алар андан ары өз багыттары менен кетишкен.

10 Март 2025 жыл 9:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча