БШК кайра шайлоодо Самаковду жеңүүчү деп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, шайлоодо 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңди деп табылды.

“Бул чечим менен макул болбогон тараптар үч күн ичинде сотко кайрыла алат. Эгерде үч күн ичинде арыздануу болбосо, депутатты каттоо жөнүндө чечимди кабыл алабыз”, — деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Жыйында маалым болгондой, шайлоо учурунда 33 арыз-даттануу түшкөн. Анын ичинен жумушчу топко жети, ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 26 документ жөнөтүлгөн. Алардын баары каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн жана арызданган тараптарга жазуу түрүндө жооп берилген.

Аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,17% добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 19,01%, үчүнчүдө 13,05 % добуш менен Аскар Алмаз уулу.

21 Сентябрь 2023 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча