БУУнун башкы катчысы Кыргызстанга келет

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал сапардын датасын тактаган жок, бирок өлкөдө эки күн болорун белгиледи. Гутерришке БУУнун Туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында жүрүп жаткан иштер көрсөтүлөт.

Айрым маалыматтарга караганда, башкы катчынын республикага сапары быйыл июль айында болот.

13 Июнь 2024 жыл 15:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча