2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл өлкө аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү.
Жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн.
Отчеттук мезгилде республика боюнча жалпы 1905 объект пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга көбөйдү.
«Бул көрсөткүч курулуш тармагындагы ишмердүүлүктүн жогорулаганын жана инфраструктуралык долбоорлордун ырааттуу ишке ашырылып жатканын айгинелейт», — деп айтылат маалыматта.