Быйыл өлкө боюнча 14 көпүрө курулду

2025-жылдын ичинде өлкө боюнча жалпы 14 жаңы көпүрө курулду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы курулган көпүрөлөрдүн арасында Зардалыга алып баруучу жолдогу 30 метрлик көпүрө да бар. Мындан тышкары табигый кырсыктардан, өзгөчө селден жабыркаган аймактарда да бир нече көпүрө тургузулду.

“Кийинки жылы көпүрө куруу иштери дагы жигердүү улантылат. Учурда авариялык абалдагы бардык көпүрөлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат”,- деп кошумчалады Базаралиев.

22 Декабрь 2025 жыл 13:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча