Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу болуп, 5 киши кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы борбор калаадагы Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон ок атышуу иликтене баштаганын билдирди.

7-августта таңкы саат 4:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясына ок атышуу болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, беш жаранды кармаган.

Кармалгандар 1995-жылы туулган, А.Р. жана С.А., 1988-жылы туулган Т.Ф., 1983-жылкы И.А., 1985-жылы туулган А.А., аттуу жарандар болгон. Райондук милиция бул фактыны каттоого алып, териштирүү иштерин баштады.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бул окуя түнкү клубда болгонун жазышты.

Мындан бир күн мурда, 6-августта Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түшкөн. Ош облустук милициясы окуя 4-августта Кара-Суу районунда болгонун бышыктаган.

Ошол эле күнү Бишкекте да бир жаранды тапанча менен опузалаган адам кармалганы кабарланган.

7 Август 2023 жыл 13:07

Тема боюнча