Чоң-Кемин жаратылыш паркына 330 түп карагай көчөтү отургузулду

Күн мурун Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында парктын Кемин бөлүмүнө караштуу Калмак-Ашуу кыдыртмасынын 1 гектар жерине 330 түп жөнөкөй кызыл карагай көчөттөрү отургузулду.

Көчөттөрдү жаратылыш паркынын кызматкерлери жана Кемин району боюнча 9-11-класстын бүтүрүүчү окуучулары активдүү катышышты.

Белгилей кетсек, көчөттөрдү отургузуу «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында өттү.

21 Апрель 2025 жыл 17:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча