Чолпон-Атага Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келди

Кыргызстанга Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келди. Эки лидерди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов, Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел келген.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммити өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел катышат.

2 Июнь 2023 жыл 13:41

Тема боюнча