
Жогорку Кеңештин бүгүнкү 14-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков БШКдан диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраган “Альянс” фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжанов тууралуу дагы маалымат алуу зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, фракция өз корутундусунда БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.
Кызматкерлердин дипломдорун текшерүү өнөктүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун («Альянс») дипломдору жасалма экенин аныктаганын жарыялап, 2022-жылы БШКга маалымат берген. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги да дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.
БШК диплом чырына байланыштуу Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду быйыл 6-июлда мандатынан ажыраткан.
Бишкек шаардык административдик соту 3-4-августта депутаттардын ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес. Мындан соң эл өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Шаардык сот Фархат Исмаиловдун арызын 20-сентябрда, Фарходбек Алимжановдун арызын 28-сентябрда карайт.