“Чычкан” постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилди

«Чычкан» постунун жаңыланган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы башкармалыктын башчысы Азенбек Козукеев Жалал-Абад облусунда жол тескөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Анда Токтогул районундагы “Чычкан” постунда автоунаанын жүк салган бөлүгүнө адам салып алган айдоочу аныкталды.

Азенбек Козукеев адам өмүрү баарынан кымбат экенин айтып, жолдо тобокелдикке барбоо зарылдыгын эскертти.

Ошондой эле ал жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, ылдамдыкты ашырбай, жол белгилерине баш ийип унаа башкарууну белгиледи.

1 Апрель 2026 жыл 9:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча