Чыгыш-5 кичи районунда 360 орундуу бала бакча оңдолууда

Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районунда 360 орундуу бала бакчанын капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакча толугу менен реконструкцияланууда. Бүгүнкү күндө тышкы жана ички инженердик тармактардын орнотуу иштери аяктаган, терезе блоктору орнотулду жана чатыр жасалды. Учурда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, ички жасалгалоо жана фасадды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Бала бакча эки кабаттуу, имаратынын жалпы аянты 2 794,6 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, бала бакчанын имараты муниципалитетке УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кайтарылган.

21 Август 2025 жыл 17:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча