Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев ИИМдин жетекчилигине милиция кызматкери болуп иштеген аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, Баш мыйзамдагы дин тутуу эркиндиги жаатындагы норма боюнча, аял кызматкерлерге чач, моюндарын жаап жүрүүгө мүмкүндүк бар.
«Дин боюнча, аялдар жоолук салынышы керек. Мен аялдарга жоолук салынып, анын үстүнөн фуражка кийүүгө уруксат берүүнү сунуштайм. Азыр динди карманган кыз-келиндер көп. Балким, дресс-коддон улам алар сиздерге (ички иштер органдарына — ред.) ишке орношо албай жаткандыр», — деди депутат Кылычбаев.