Депутат Марлен Маматалиев Ringo Trade брокердик компаниясынын Кыргызстандагы кеңсесин жабууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат онлайн казинонун иштөө жолун көрсөттү.
«Мен түштүктө болдум, ал жакта эл кыйналып жатат. Үйдөн телевизор, апасынын зер буюмдарын алып чыгып сатып жаткандар бар. Машина жана үйүн күрөөгө койгондор бар», — деди Марлен Маматалиев.
Депутаттын айтымында, Ringo Trade компаниясы Бишкекте, Ошто жана Кара-Сууда иш алып барышууда.