Парламенттин 21-июндагы жыйынында депутаттар Айбек Осмонов, Эрулан Көкүлов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун оставкасы тууралуу маселе көтөрүштү. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Байсалов аткаруу бийлиги Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүүгө укугу жок экенин белгилеп, анын кызмат абалын кароого убакыт келгенин айтты.
«Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңештин социалдык комитетинин жыйынында айтканын жана андан кийин берген маектеринде айткандарын көз жаздымда калтырбайбыз. Мен дароо эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу эскертүү беришин талап кылдым. Бул биринчи жолкусу эмес. Эдил Байсалов мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосунда чоң жарака кетирип, ойлонулбаган сөздөрдү сүйлөгөнү үчүн тартип жоопкерчилигине тартылышы керек, бул боюнча президент менен да сүйлөшөм. Керек болсо анын мындан кийинки кызмат орду боюнча маселени караганга да учур келди», — деди төрага Нурланбек Шакиев.
Кечээ Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында эл өкүлдөрү менен Эдил Байсаловдун ортосунда кайым айтышуу орун алган.
Депутат Эмил Жамгырчиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун ишин сындаган. Ал токтомдо көрсөтүлгөн бир дагы пункт аткарылбаганын белгилеп, Байсалов сын-пикирди туура кабыл алышы керектигин кошумчалаган.