Астанада (Казакстан) старт алган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы алгачкы беттешин Өзбекстан менен өткөрөт.
Белгилей кетсек, беттеш бүгүн, 9-сентябрда Казанат ипподромунда өтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Кыргызстандын көк бөрү командасынын курамы төмөнкүдөй:
Рустам Тыналиев;
Кыязбек Ниязов;
Сейитбек Анарбек уулу;
Нуржан Мелисбек уулу;
Арген Абдылдаев;
Тойчубек Жыргалбек уулу;
Дастан Русланов;
Нурдин Болотбеков;
Фархатбек Бейшекеев;
Искак Бекболот уулу;
Бексултан Абдукалил уулу;
Эржан Тургунбаев.
Көк бөрү мелдешине жалпысынан алты команда — Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Өзбекстан, Түркия жана Россия катышууда.
Финалдык беттештер 12-сентябрда болот.