«Дордойдо» соодагерлер нааразычылык акциясына чыгышты

«Дордой» соода базарындагы ишкерлер салыктын айынан нааразычылык акциясына чыгышты. Алар салыктын жогорулашы боюнча абалды түшүндүрмөйүнчө контейнерлерин ачпай турганын айтышат.

Айтымдарында, учурда базардын администрациясынын жанына болжол менен 500дөй адам топтолду. Баары базардагы ишкерлер.

«Биз салыкчылардын салыкты жогорулатып жатканына нааразыбыз, иштөөгө мүмкүн болбой калды», — дешет акцияга чыккандар.

Соодагерлер белгилегендей, базарга Салык кызматынын төрагасынын орун басары келери күтүлүүдө.

4 Сентябрь 2023 жыл 12:17

Тема боюнча