Достук айылынын тургундарына орой мамиле жасаган Шаменов кечирим сурады (видео)

Баткендин Достук айылынын тургундары менен болгон жолугушууда элге орой мамиле жасаган президенттин облустагы өкүлү Айбек Шаменов кечирим сурады.

Шаменов жолугушуу учурунда эмоцияга алдырып койгонун айтып, ал жоругу үчүн Достуктун тургундарынан кечирим сурады.

Ошондой эле ал айылын таштап көчө турган тургундарга мамлекет мурда айтылгандай үйдү 5 сотых жерге эмес, элдин сунушу бонча 10 сотых жерге куруп берерин айтты. Андан тышкары келечекте үй салганына дагы 10, жер иштеткенге 10, жалпы 30 сотых бериле турганын билдирди.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими боюнча Баткен районундагы Достук айылы коңшу мамлекетке бериле турган болууда. Анын ордуна Тажикстан Кыргызстанга башка жер берүүдө. Мындын улам Достуктун эли Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүлө турган болгон. Мамлекет ар бир үй ээсине 5 сотых жерге жаңы там салып берери айтылган.

Облус башчысы Айбек Шаменовдун катышуусунда өткөн жолугушууларда Достуктун тургуну 5 сотых жер кичинекей болуп каларын айтып, 10 сотых берүүнү суранган. Анын өтүнүчү Шаменовго жакпай калган. Ошондой эле бак-дарактарын кыйып алып кетүүнү каалаган тургундарды да кыртышы сүйгөн жок.

Шаменовдун бул жоругу элдин сынына кабылып, кызматтан алынышын талап кылышкан. Аны сынга алгандар Достук айылынын эли мамлекеттин айтканына көнүп, үйүн таштап көчүп жаткандан кийин аларга камкордук көрсөтүлүп, сураганын ичинде ызасы калбагандай кылып чечип берүү керектигин айтышкан.

Коомчулуктун нааразычылыган кийин президент Садыр Жапаров Шаменовго оозеки эскертүү берген.

8 Март 2025 жыл 6:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча