Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
«Ал Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти прокуратурадан.
Белгилей кетсек, 15-февралда социалдык тармактарда Элдар Жакыпбеков кармалганы тууралуу маалыматтар тараган.