Элвира Сурабалдиева ЖКда тармактык комитеттин төрайымы болду

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасын шайлоо маселеси каралды.

«Адилет Кыргызстан» жана «Элдик» депутаттык топтору аталган кызмат ордуна депутат Элвира Сурабалдиеванын талапкерлигин көрсөтүштү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

19 Февраль 2026 жыл 17:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча