Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат (видео)

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда толук капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштерин Президенттин Иш башкармасы жүргүзүп жатат. Учурда мекеменин палаталары, коридорлору, инженердик системалары жана сырткы бөлүгү заманбап стандарттарга ылайык жаңыланууда. Борбор — эне жана баланын саламаттыгын коргоо боюнча өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири болуп саналат.

“Бул иштер – өлкө башчысынын саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын дагы бир ирет далилдейт. Соңку жылдары Кыргызстандын бардык аймактарында жаңы оорукана, төрөт үйлөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору (ФАПтар) курулуп, эски имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ошондой эле заманбап медициналык жабдуулар сатып алынып, аймактарга жеткирилүүдө”, — деп белгиледи Туманбаев.

Ал ошондой эле кечээ, 10-июнь күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган борборго жалпы баасы 16,5 миллион сомдук заманбап эндоскопия жабдууларын тапшырганын кошумчалады.

Президенттин ырааттуу саясатынын негизинде саламаттык сактоо тармагында чыныгы өзгөрүүлөр жүрүп, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар сапаттуу жана жеткиликтүү болуп баратат.

12 Июнь 2025 жыл 10:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча