
Энергетика министринин мурдагы орун басары пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-февралда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 миң доллар алып жаткан учурда энергетика министринин мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган.
Кармалган Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 миң доллар талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган.
ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Т.Э. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда.
Учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.