Орусиянын Екатеринбург шаарында ата-энесинин камкордугусуз калган кыргызстандык сегиз жаштагы И.А аттуу бала 1-июлда мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына караганда, 2022-жылы Екатеринбургда кыргызстандык баланы апасы сатууга аракет кылгандыктан ал Свердлов районундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылган. Мындай аракети үчүн баланын энеси А.Н. 5 жылга эркинен ажыратылды.
Бул убакыттын ичинде Башкы консулдук тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жашы жете элек балага жана анын апасына карата соттук териштирүү жүрүп, баланы мекенине алып келүү жана Кыргызстанга кайтаруу үчүн документтерди тариздөө маселелери иштелип чыккан.
Былтыр август айында 36 жаштагы келин баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган.