Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат (даректер)

Эртең, 7-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 7-сентябда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Көлбаев көчөсүндө (Лермонтов көчөсүнөн тартып Валиханов көчөсүнө чейин), Аламүдүн-1 кичирайонунда, Куруучулар шаарчасында суу жок болот.

Суу шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо жана профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

6 Сентябрь 2023 жыл 17:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча