Эскертүү! 20-31-октябрда Боомдо кооптуу таштар түшүрүлөт

20-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.

Ага ылайык, таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол инспекторлору тарабынан жол убактылуу жарым-жартылай жабылат. Унаалар үчүн бир тилке ачык болот.

Ишкана жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды ишти түшүнүү менен кабыл алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

17 Октябрь 2025 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча