Кыргызстандын улуттук курама командасы Дубайда окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Жыйындар 29-августтан 13-сентябрга чейин уланмакчы, ал үчүн Штефан Тарковичтин командасынын тизмесине 26 оюнчу кирди.
Жыйындын алкагында «ак шумкарлар» эки жолдоштук беттеш өткөрөт.
• 7-сентябрда «Аль-Наср» (ОАЭ) командасы менен;
• 11-сентябрда Кувейт улуттук курама командасы менен.
Кыргыз футбол союзунан кошумчалашкандай, жолдоштук оюндардын трансляциясы тууралуу кийинчерээк маалымдалат.