Футбол: Кыргызстан менен Афганистан беттеши боюнча чечим чыкты

11-июнь кунү Борбордук Азия футбол Ассоциациясынын (CAFA) Аткаруу комитетинин шашылыш жыйыны чакырылып, анда 2023-жылкы CAFA Улуттар Кубогунун турниринин алкагында Кыргыз Республикасы менен Афганистан беттешиндеги орун алган окуяга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  • Мелдештин регламентинин 6.5 беренесинин бузулгандыгына карабастан, турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында, Ооганстанга 2023-жылкы CAFA Улуттар Кубогунда катышуусун улантууга уруксат;
  • Ооганстандын курама командасынан талаага жетиден (7) аз оюнчу калгандыгы натыйжасында жана беттештин негизги убактысы аяктаганга чейин калыс тарабынан оюн токтотулгандыктан, беттеш 15.4-беренеге ылайык “орун албай калды” деп жарыяланышы керек. Кыргыз Республикасы 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланышы керек.
  • Ооганстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдулла Альмутаири мырзанын жүрүм-турумун карап чыгуу жана андан аркы санкцияларды киргизүү үчүн CAFA-нын Дисциплинардык комитетине маселени өткөрүп берүү керек.

Эскерте кетсек, беттеш 10-июнда Бишкекте өтүп, 1:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын пайдасына аяктаган. Бирок 97-мүнөттө гол киргизгенден кийин Ооганстан курама командасынын башкы машыктыруучусу нааразычылык ирээтинде оюнчуларын талаадан чыгарып кеткен.

13 Июнь 2023 жыл 14:48

Тема боюнча