
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовго “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси ыйгарылды. Аталган буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
«Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, кыргыз мамлекетинин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” юбилейлик белгиси менен сыйлансын», — деп жазылат тескемеде.
Учурдагы саясатчылардын арасынан мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровго сыйлык ыйгарды. Ушул сыйлык менен коомдук жана мамлекеттик ишмерлер — Апас Жумагулов, Абдыганы Эркебаев, Феликс Кулов, Алтай Борубаев, Кудайберген Базарбаев, Нелли Ахунбаева, Абдыгул Чотбаев, Союзбек Салиев, Марат Иманкулов да сыйланышты. Бул сыйлыкка окумуштуулар да татыды. Ал илимпоздор Жамин Акималиев, Сулайман Кайыпов, Абдылдажан Акматалиев.