Индонезияда кеме чөгүп, 130дай адам дайынсыз болууда

Индонезияда Ява деңизинде кеме чөгүп, 130дай жүргүнчү жана экипаж мүчөсү дайынсыз болууда. Бул тууралуу Интерфакс Associated Press агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, кеминде 107 адам куткарылды. Каза болгондордун алтоосунун сөөгү суудан чыгарылды.

Кемеде жалпысынан 243 адам болгон — 213 жүргүнчү жана 30 экипаж мүчөсү.

Кеме Чыгыш Яванын борбору Сурабаядан Түштүк Калимантандын борбору Банжармасинге бара жаткан.

Капитан кырсык сигналын берүүдөн мурун үч метрге чейин бийик толкундар болгонун билдиргенге жетишкен.

14 Сентябрь 2026 жыл 9:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча