Индонезияда жанар тоо атылып, коркунуч жаралды

Индонезияда  жанар тоо атылып, коркунучтун деңгээли жогорулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Анда белгиленгендей, Индонезиядагы Флорес аралынын түштүк-чыгышында жайгашкан Левотоби Лаки-Лаки (Мале) жанар тоосунда активдүүлүк байкалганын жүргүзүлгөн анализ көрсөттү.

“Мындан улам Левотоби Мале жанар тоосунун коркунучу жогору. Активдүүлүк III деңгээлден IV деңгээлге чейин жетти”, — депайтылат маалыматта. Буга байланыштуу агенттик Нуса-Тенагра провинциясындагы туристтерди жана жергиликтүү тургундарды тынчтыкты сактап, айтылган сунуштардыаткарууга чакырды. Агенттик берген статистикага ылайык, Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу күн мурун бир нече жолу атылып, коюу боз күлүн чачты. Активдүүлүктүн деңгээлинин жогорулашы дагыэле байкалууда.

Филиппиндин сейсмология институту (13-майда Негрос аралындагы Канлаон жанар тоосунунчокусунун кратеринде орточо атылышы мүмкүн экенин эскерткен. Адистер учурда жанар тоо «магматикалык толкундоолор» абалында экенин тактап, жаңыатылышын эскертишти.

20 Май 2025 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча