Европанын бир нече өлкөсүндө токой өрттөрү күч алды. Өрттү өчүрүүгө жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр жана атайын техникалар тартылган. Франциянын түштүгүндө эки адам оор жаракат алганы белгилүү болуп, 5 миң адам коопсуз жайларга эвакуацияланды.
Акыркы күндөрү Францияда, Грецияда, Испанияда жана Португалияда чыккан токой өрттөрү миңдеген гектар өсүмдүктөрдү жок кылды. 5-июль күнү жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөш жүргүзүштү.
Франциянын түштүгүндө жабыркагандар бар, эвакуация жарыяланды
Франциянын Чыгыш Пиреней департаментинде өрт 4-июль күнү кечинде Перпиньян шаарына жакын, жетүүгө кыйын болгон аймакта чыккан. Өрттү өчүрүүгө 700гө жакын өрт өчүрүүчү, 200 атайын техника, ошондой эле он чакты учак жана тик учак тартылган.
Эки адам – бир өрт өчүрүүчү жана жергиликтүү тургун оор жаракат алган. Чыгыш Пиренейдин бийлиги 5 миңдей тургунду эвакуациялоо чечимин кабыл алды.
Департаменттин префекти Реньо де ла Мот: «Учурда Чыгыш Пиренейде болуп жаткан өзгөчө ири токой өртү өрт өчүрүү кызматтарынын, ички коопсуздук органдарынын жана бардык мамлекеттик мекемелердин күчүн толук пайдаланууну талап кылууда», – деп билдирди.
6-июлда Франциянын дагы 41 департаментинде өрт чыгуу коркунучу жогору бойдон калууда. Алардын жетөөсүндө эң жогорку коркунуч деңгээли жарыяланган.
Грециядагы ири өрттөр
Грециянын Салоники шаарына жакын жердеги таштанды кайра иштетүүчү заводдон өрт чыккан. Коюу кара түтүн шаардын борборуна чейин жайылган. Уулуу түтүндөн уулануу коркунучуна байланыштуу бийлик тургундарды терезелерин жаап, сыртка чыкпоого чакырды.
Ошондой эле үч калктуу конуштун жашоочулары жана өзгөчө кароого муктаж 157 адам жашаган мекеме эвакуацияланды. Бийлик Ореокастрон шаарында 76 жаштагы эркекти этиятсыздыктан өрт чыгарган деген шек менен кармаганын билдирди.
Мындан тышкары, Афинанын батыш тарабында дагы бир ири токой өртү катталды. Өрттү 210 өрт өчүрүүчү, ыктыярчылар жана атайын авиациялык техникалардын жардамы менен өчүрүүгө аракет көрүлүүдө.
Испания жана Португалиядагы өрттөр
Испаниянын түндүк-чыгышындагы Жирона провинциясында токой өртү 3-июлдан бери уланууда. Өрт дээрлик 2200 гектар аймакты каптады.
Португалиянын Возела муниципалитетинде 2-июлда чыккан өрттү өчүрүүгө 1200 өрт өчүрүүчү, 400 атайын техника жана 15 учак тартылган. Жалын 12 миң гектардан ашык аймакты каптады.
3-июлда Испания Португалияга жардам катары 120 өрт өчүрүүчү жана 45 атайын техника жөнөткөн. 5-июлга карата ири өрт очокторунун көбү көзөмөлгө алынганы менен, айрым жерлерде өрт дагы эле толук өчө электиги маалымдалды.
Европанын бир катар өлкөлөрүндөгү бул токой өрттөрү июнь айында башталган катуу ысык аба ырайынын шартында күч алган.