Күйөөсүнөн өч алууну каалаган келин өз кыздарын сабаган

Өзбекстандын Самарканд облусунда 27 жаштагы келин бойго жете элек эки кызын сабап, ал учур тартылган видеону Орусияда иштеп жүргөн күйөөсүнө жөнөткөн.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, окуя быйыл 14-июлда Самарканд облусундагы Туйнак айылында болгон. 1996-жылкы келин Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү менен телефондон урушуп кеткен. Андан соң эки кызын сабап, бул учурду видеого тартып күйөөсүнө жөнөткөн.

Учурда сабалган кыздардын абалы жакшы экени кабарланууда. Алар туугандарына өткөрүлүп берилген.

Өз кыздарын сабаган аялга каршы «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

17 Июль 2023 жыл 13:34

Тема боюнча