Көк бөрү оюндун калысы үй камагына бошотулду

Бишкекте көк бөрү боюнча Нооруз турниринде бир улакчы каза тапкан окуядан улам оюндун калысы жана бир көк бөрүчү камакка алынганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) маалымдаган. 14-мартта Көк бөрү оюндун калысы үй камагына бошотулду.

Эскерте кетсек, 12-мартта 45 жаштагы Мирлан Сражидинов оюн учурунда алган жараатынан өзүнө келбей каза тапкан.

Кырсыктан улам мелдеш эки күнгө токтотулган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү, 1996-жылы туулган А.Ч жана оюн маалында судьялык кылган, 1983-жылы туулган Ш.У. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камалган”, — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.

15 Март 2025 жыл 10:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча