VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкпар боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн Чолпон-Ата шаарында өткөн алгачкы беттеште Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары күч сынашты.
Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын командасы атаандашын 12:1 эсебинде жеңип, мелдешти ишенимдүү баштады.