Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, Мамлекеттик гимн жаңырды.
Эске салсак, Конституциянын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
