Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин өз ишин баштайт.
Парламент депутаттары жалпы жыйында календарлык планды бекитишет. Ошондой эле тармактык комитеттер ишин улантат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону дайындоо боюнча маселени 17-сентябрда карай турганы айтылган.