2-5-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүп, суу ташкыны болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
«Буга байланыштуу жарандарга сайларга, дарыя жана суу жээктерине жакын барбоо, зарылчылык болбосо тоолуу аймактарга чыкпоо сунушталат», — деп айтылат маалыматта.