Парламент Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берди

Жогорку Кеңеш 2-сентябрда Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын экинчи сессиясы ачылгандан кийин, Сот-укуктук маселелер, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Асаналиевди бошотуу маселесин карады. Депутаттар сессияда комитеттин чечимин бир добуштан колдошту.

Максат Асаналиев 30-июнда кызматынан алынган. Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Малик Бектурганов дайындалган болчу.

Асаналиев учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткарып жатат.

2 Сентябрь 2026 жыл 10:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча