Күрөш боюнча курама командалар Венгрияда эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Будапешт шаарында (Венгрия) өтө турган “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 13-16-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча:
— Айсулуу Тыныбекова 62 кг ЭДСЧ;
— Айпери Медет кызы 76 кг ЭДСЧ;
— Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу.
Эркин күрөшү боюнча:
— Алмаз Сманбеков 57 кг СЧ;
— Бекзат Алмаз уулу 57 кг СЧ;
— Улукбек Жолдошбеков 61 кг ЭДСЧ;
— Икромжон Хаджимуродов 65 кг ЭДСЧ;
— Тайырбек Жумашбек уулу 61 кг ЭДСЧ;
— Алибек Осмонов 65 кг ЭДСЧ;
— Эрназар Акматалиев 70 кг ЭДСЧ;
— Орозобек Токтомамбетов 70 кг ЭДСЧ;
— Каныбек Абдулхаиров 97 кг СЧ;
— Сүймөнкул Таабалды уулу улук машыктыруучу;
— Руслан Маджинов башкы машыктыруучу.

6 Июль 2023 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча