Көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынат. Комитет биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда көзү ачыктарды, сыйкырчыларды жана алар көрсөткөн кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев билдиргендей, турмушта кыйынчылыкка кабылган жарандар көзү ачыктарга кайрылып, алданып калышат. Мындан улам депутат көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну сунуштоодо.

«Алар ушунчалык эле кыйын болсо, бирөөнүн жолун ача турган болсо, аларга жарнаманын деле кереги жок», — дейт депутат.

1 Апрель 2024 жыл 12:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча