Көзү ачыктардын кызматын жарнамалоого тыюу салуу мыйзамы колдоо тапты

Жогорку Кеңештин жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам үчүнчү окууда жактырылды. Ал көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салат.

Аталган мыйзам долбоорун Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды.

Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.

12 Июнь 2024 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча