Кара-Кулжада жергиликтүү тургундан Кызыл китепке кирген бүркүт алынды

Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургун Кызыл китепке кирген бүркүттү өз үйүндө мыйзамсыз багып жүргөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Бул окуя боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош облустук башкармалыгынын инспекторлору NABU уюмунун жана Барс-2 тобунун кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган жаранга протокол түзүлүп, 20 миң сом айып салынган.

Кармалган бүркүт табигый чөйрөсүнө кое берилди.

28 Январь 2026 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча