Кара-Сууда 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү (сүрөт)

Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчаны куруу иштери 2022-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата 705,0 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду.

Ошондой эле, бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүүчү бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет бар. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары курулду.

27 Сентябрь 2023 жыл 15:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча