Карышкыр каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаков буюртма аткарып, адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп 14 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүмдү Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Кримтөбөл Кылмыш-жаза кодексинин 261 («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу»), 165 («Адам уурдоо»), 208 («Опузалап талап кылуу») жана 122инчи («Адам өлтүрүү») беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турган болду.
Аталган кылмышка катышкан шериктери К.В.М. менен С.у.С. 13 жылга кесилип, мал-мүлкү конфискацияланган. Ал эми А.Г.Ж. тогуз, А.М.Т. сегиз жылга эркинен ажыратылса, А.А.С. үч жарым жыл пробациялык көзөмөлдө болот.