Казакстандан келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү артка кайтарылды

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 25 тонна пахта үрөнү артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кыргыз-казак чек арасындагы Чоң Капка өткөрмө посту аркылуу өткөрүүгө аракет кылынган пахта үрөнү фитосанитардык сертификаттагы маалымат менен дал келбегендиктен артка кайтарылды.

Анын ордуна сафлор өсүмдүгү табылгандыктан, өткөрмө посту жүктү артка кайтарууга милдеттендирилди. Бул жагдай документтеги маалыматтар менен реалдуу жүктүн айырмачылыгынан келип чыккан.

11 Август 2025 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча