Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалымата ылайык, азыркы учурда аэродромду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайлары жана башка бөлүктөрүнө туурасы 5 метр болгон жалпы 410 метр асфальт төшөлдү.
Иштерди «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы аткарып жатат.