Президент Садыр Жапаров 29-августта «Элдик курултай өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документке ылайык, келерки курултай ушул жылдын аягына, 15-декабрга белгиленди. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден 700 делегатты шайлоо, курултайдын өткөрүү регламентинин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.
Өткөн аптада Садыр Жапаров былтыркы курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда бул документке «Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган.
Былтыр 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултай президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн.