Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы Бектур Асановга Стамбулда операция жасалат

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Ага чет өлкөгө чыгып, 19-апрелге чейин дарыланып келүүгө уруксат берилди.

Бектур Асановга Стамбулда операция жасалат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 23-октябрында кармалган 25 адамдын (Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн) 11и  камакта, калганын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси менен «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» айыпталып, иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

19 Март 2024 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча