Кемпир-Абад иши: Камактагылар ачкачылык жарыялашты

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн камактагы саясатчылар, активисттер жана журналисттер ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу 21-августта сот залында саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Равшан Жээнбеков билдирди.

Алар сот отурумдары жабык өтүп, иш материалдары менен таанышуу тартиби аныкталбай жатканына нааразы.

«Биз мындай мыйзамсыз процесстерге катышпайбыз жана мөөнөтсүз ачкачылык жарыялайбыз. Президентке, Жогорку Кеңешке, эл аралык уюмдарга кайрылабыз, биздин ачкачылык жарыялоодон башка аргабыз жок. Камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчтөрү сотто күн тартибине киргизилген эмес. Ошондой эле соттук отурумду жабык өткөрүү боюнча чечим жок», — деди Бекназаров.

Натыйжада соттук отурум 5-сентябрга жылдырылды.

22 Август 2023 жыл 17:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча