Күн мурун, 23-июлда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы Киров суу сактагычына 22 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткен Д.Т. аттуу жигит Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылынын тургуну болгон.Издөө иштерине 12 куткаруучу жана милиция кызматкерлери тартылган.
Белгилей кетсек, куткаруучулардын издөө иши кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтоткон. Бүгүн, 24-июлда издөө иштери улантылды.